Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов пара армрестлинг боюнча Азия кубогунун жеңүүчүлөрү менен жолукту.
Мелдештер Мумбаи шаарында (Индия) 19-23-октябрь күндөрү өтүп, Кыргызстандын улуттук командасы жалпы 18 алтын медалды жеңип алды.
Жолугушуу учурунда Айбек Абдымомунов спортчуларды ийгиликтери менен куттуктап, бул жеңиштер алардын талыкпаган эмгегинин, максатка умтулгандыгынын жана машыктыруучу штабдын колдоосунун натыйжасы экенин белгиледи.
Ошондой эле, Кыргызстанда пара спорттун мындан ары өнүгүүсүнүн маанилүүлүгүн айтып, мамлекет спортчуларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантарын билдирди.
Пара армрестлинг боюнча Азия кубогунун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси:
1. Жаркулов Чолпонбай – 85 кг – 1 алтын медаль;
2. Эсенказиева Света – 65 кг – 2 алтын медаль;
3. Нуркамал уулу Шабдан – 91 кг – 2 алтын медаль;
4. Муталипова Айгүл – 65 кг – 4 алтын медаль;
5. Тыныстанов Медер – 70 кг – 1 алтын медаль;
6. Калыков Билал – 65 кг – 2 алтын медаль;
7. Торокулова Каныкей – 60 кг – 2 алтын медаль;
8. Исаков Толкунбек – 80, 90 кг – 4 алтын медаль.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/