Инсульт мээге кан куюлтуучу геморрагиялык жана мээни кан менен камсыз кылуучу күрөө тамырдын тромб менен бүтөлүп калышынан (мунун кесепетинен мээнин бөлүгү өлүп калат) пайда болгон ишемиялык болуп бөлүнөт
Инсульттун кесепеттерине төмөнкүлөр кирет:
Инсультту болжолдоо мээнин жабыркаган аймагынын көлөмүнөн гана эмес, ошондой эле биринчи жардамдын сапатына, оорулууну ооруканага жеткирүү ылдамдыгына, андан ары калыбына келтирүү иш — чаралардын тууралыгына жана көлөмүнө жараша болот.
Ишемиялык инсульт алганда жүрөктүн кан агымын калыбына келтирүү үчүн убакыт – 6 саат. Тромболизис үчүн — венага тромб эритүүчү препараттарды киргизүүчү метод – 3 саат.
Инсульттун алгачкы белгилери кандай?
Адатта инсульт эртең менен эрте же түн ичинде кармайт. Анын алгачкы белгилери төмөнкүлөр:
Адатта бул көрүнүштөр жогорулаган кан басымдын натыйжасында пайда болот.
Инсульт алаарда адам эмнелерди сезүүсү мүмкүн?
Кээ бир учурларда, инсульттан мурун төмөнкү белгилер коштогон транзитордук ишемиялык атака болушу мүмкүн:
– баш айлануу;
– жүрөк айлануу, кусуу;
– кептин бузулушу (так сүйлөй албаганынан бейтапты түшүнүү кыйындайт);
– беттин нес болуп, эч нерсе сезбей калуусу;
– көрүүнүн кыска мөөнөттүк бузулушу;
– сезүү жана кыймылдоо органдарынын иштешинин бузулушу;
– мейкиндик жана убакыттан адашуусу, оорулуу өзүнүн ысымын жана жаш курагын унутушу мүмкүн.
Бул татаал эмес иш-аракеттердин жардамы менен мээдеги кан айлануунун катуу бузулуусунун белгилерин убагында байкаса болот:
– адамды жылмай деп көрүңүз —инсульт алуу коркунучу бар адамда беттин асимметриясы байкалат;
– жабыр тарткан адамдан эки колун бирдей алдыга сунуусун сураныңыз – инсульт алуу коркунучу бар адам эки колун бирдей көтөрө албайт;
– жабыр тарткан адамдан эң жөнөкөй сөздөрдү айтуусун талап кылыңыз -инсульт учурунда сүйлөгөнү так эмес болот;
– тилин сунуусун талап кылыныз, ынсульт учурунда тил бир тарапка кыйшайып калат
.Алгачкы жардамды туура кантип көрсөтүүгө болот?
Дарыгерлер келгенге чейин оорулууну жаткырып, толук тынчтык жана таза аба менен камсыз кылуу керек. Клиникага түшкөндө дарыгерлер жүрөк жана дем алуусунун иштешин баалап, зарыл болгон кечиктирилгис жардамды көрсөтүшөт. Зарыл болгон учурда, адам дароо нейрореанимациялык бөлүмгө жаткырылат.
Оорунун кандай себептери бар?
Инсульттун себептери болуп төмөнкүлөр саналат: