Интерпол тарабынан изделип жаткан чет элдик жаран Бишкектен кармалды – ИА Караван Инфо
Интерпол тарабынан изделип жаткан чет элдик жаран Бишкектен кармалды

Бишкекте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР ИИМдин кызматкерлери Интерпол линиясы боюнча издөөдө жүргөн чет мамлекеттин 1985-жылы туулган А.Д. аттуу жаранын кармашты.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кармалган жаран кызмат адамына пара берген деп айыпталып, Казакстан Республикасынын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги тарабынан издөөдө жүргөн.

Маалыматка ылайык, логистикалык компаниянын ээси А.Д., 2022-жылдын декабрынан 2023-жылдын ноябрына чейин чет өлкөгө товар жеткирүүнү уюштурууга аракет кылган. Бажы процедураларын айланып өтүү үчүн ал бажы кызматкерлери менен тил табыша баштаган. Белгиленген убакыт аралыгында шектүү 16 500 АКШ долларын пара катары которгон.

Андан соң, А.Д. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындан аркы процесстик иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн Октябрь райондук ИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: