2025-жылдын 17-июлунан 25-июлуна чейин Франциянын Париж шаарында Эл аралык физика олимпиадасы (IPhO 2025) болуп өттү. Бул дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген мектеп окуучулары үчүн эң абройлуу сынактардын бири. Бул жылы 94 өлкөдөн 400дөн ашык катышуучу, анын ичинде улуттук тандоодон жана көп баскычтуу даярдыктан өткөн эң күчтүү жаш физиктер катышты.
Кыргызстандын беш окуучудан турган командасы өлкөнүн атынан татыктуу чыгып, олуттуу сыйлыктарга ээ болушту:
-
Абдиев Аскар (11-класс, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи) – коло медаль (машыктыруучулары: Сабыров Чынтемир, Улукбек Ажыбаев);
-
Анаралы уулу Эмир (12-класс, УВИС мектеби) – коло медаль (машыктыруучулары: Сабыров Чинтемир, Улукбек Ажыбаев);
-
Эмилбеков Айтегин (10-класс, «Газпром» мектеби) – Ардак грамота (машыктыруучулары: Алмурза уулу Алтынбек, Өмүрканов Тургунбек);
-
Бектур Баратали (12-класс, UWIS мектеби) – Ардак грамота (машыктыруучулары: Сатыбалдыев Дүйшөн, Садиков Артур).
Команданын жетекчилери Сабиров Чынтемир жана Садиков Артур.
Акыркы жылдары Кыргызстандын курама командасы эл аралык аренада туруктуу өсүштү көрсөттү:
- 2020–2021 – сыйлыктар жок,
- 2022 – 1 Ардак грамота,
- 2023 – 1 Ардак грамота,
- 2024 – 1 коло медаль жана 1 Ардак грамота,
- 2025 – 2 коло медаль жана 2 Ардак грамота.