Исламабаддагы мечитте өрт чыгып, 10 адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алышты
ИСЛАМАБАД, 2026-жылдын 6-февралы – Karavan Info маалымат агенттиги. Пакистандын борборундагы мечитте жарылуу болду. Синьхуа агенттигинин маалыматы боюнча, трагедиядан 10 адам каза болуп, болжол менен 80 адам ар кандай деңгээлде жаракат алган .

Алдын ала маалымат боюнча, окуя жарылуучу заттын жарылышынан улам болгон. Окуя болгон жерде куткаруучулар жана полиция кызматкерлери иштеп жатышат, ал эми жаракат алгандар ооруканаларга жеткирилүүдө.
Окуядан кийинки видеолор социалдык медиада активдүү таркатылып жатат. Окуянын жагдайлары иликтенип, расмий билдирүүлөр күтүлүүдө.
Сүрөт: AFP
