Жакында кыйраткыч суу ташкындарынан жапа чеккен Испаниянын түштүк-чыгыш аймактары жаңы коркунучка — келемиштердин массалык каптоосуна дуушар болууда. Валенсия аймагында жайгашкан Альфафар шаарында сел 83 жер астындагы таштанды сактоочу жайды каптады. Бул нымдуу таштандылардын топтолушу коркунучтуу инфекцияларды алып жүрүүчү кемирүүчүлөр үчүн идеалдуу жайга айланышына алып келди.

Жергиликтүү бийлик Мадридден жардам сурап, шаардан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорго жүк ташуучу унааларды суранышты. Бирок бузулган жолдор бир нече саатка созулган тыгындарды жаратып, маселени чечүүнү кыйындатат.
Буга катар эле урандыларды тазалоо жана дайынсыз жоголгон адамдарды издөө иштери уланууда. Учурда 32 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде, селден жабыркагандардын жалпы саны 220дан ашты.
Сүрөт: Ману Фернандес