Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы мыйзамды бузган жана тыюу салынган буюмдарды, таштандыны күйгүзгөндөрдү аныктоону тынымсыз улантууда.
Шаар тургунунан Виноградная, 1/7 дарегинде жайгашкан эмерек жасоочу ишканасында өндүрүш калдыктарын күйгүзүп жаткандыгы тууралуу арыз келип түшкөн.
Адистер ыкчам түрдө жерине барып, эмеректердин калдыктары күйгүзүлүп жатканын аныкташты.
Ошондой эле, башка эмерек жасоочу ишканасында ушундай эле мыйзам бузуулар табылды.
Жеринде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү. Б.Э.Э. жана Т.Ж. жеке жактарга 15 000 сомго айып пул салынды.
Мындан тышкары түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ишкана ээлери өндүрүш калдыктарын кайрадан күйгүзбөөгө убада беришти.
Урматтуу шаар тургундары, уюмдар! Эскертебиз, үй-жай, өндүрүш жана медициналык калдыктарды күйгүзүүгө болбойт. Бул үчүн жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 000 сом айып пул салынат
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/