Эл алдында опол-тоодой эмгек өтөп жатасыздар. Таалайбек Ибраев энергетиктерди куттуктады – ИА Караван Инфо
Эл алдында опол-тоодой эмгек өтөп жатасыздар. Таалайбек Ибраев энергетиктерди куттуктады

Министр Таалайбек Ибраев кыргыз энергетикасынын 90 жылдык мааракесине карата энергетиктерди куттуктады.

Министрдин куттуктоосу төмөндөгүдөй:

«Урматтуу энергетиктер жана ардактуу тармактын ардагерлери!

Сиздерди, бүгүнкү Кыргыз энергетикасынын 90 жылдык мааракеси жана кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, ар бир үйгө жылуулук жана жарык тартуулоо энергетиктердин зор эмгегинен жаралган жагымдуу тармак. 

Энергетика тармагы өлкө экономикасынын өзөгүн түзөт. Ошондуктан бул стратегиялык тармактын өнүгүшүнө өлкө жетекчилиги өзгөчө көңүл бурууда. 

Акыркы төрт жылда чакан ГЭСтер ишке кирип, ири ГЭСтер реконструкцияланып, күн элекстр станцияларынын алды колдонууга берилип, шамал электр станцияларын  куруу иштери жиргердүү жүрүп жатат. 

Ал эми кылым долбоору аталган «Камбар-Ата-1» ГЭСти курууга болгон даярдык иштери аяктоо алдында турат. Бүгүнкү күндө консультант AFRY компаниясы тарабынан дамбанын 4 варианты сунушталган. Анын ичинен Энергетика министрлигинин жумушчу тобу дүйнөлүк эксперттердин корутундусунун жыйынтыгы менен бетон дамбасын тандап алган. Эми кийинки этапта 2025-жылдын май айларында консультант AFRY компаниясы дамбанын ТЭНин сунуштайт. Андан кийин дамбаны долборлоо жана башка иштери башталат.

Мындан тышкары энергетика тармагын өнүктүрүү максатында инвестиция тартуу менен бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалып, алардын арасында ийгиликтүү башталгандары дагы бар.

Урматтуу кесиптештер!

Энергетика тармагындагы иштердин илгерилешине сиздердин салмыңыздар чоң. Алдыда көптөгөн стратегиялык пландар бар. Ал ийгиликтерди сиздер менен биргеликте багындырабыз деген үмүттөмүн.

Мен 2024-жыл энергетиктер үчүн жаман болгон жок деп айта алам. Себеби, көптөн бери ишке ашпай жаткан пландар алдыга жылып, тармактын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, инвестиция тартууга жеңилдиктер каралып, долбоорлор ишке ашып жатат.  Атайын техника, трансформатор, көмөк чордондор, генераторлор, акылдуу эсептегичтер менен камсыздалып, энергетиктердин айлык маянасы көтөрүлдү.  Мындан тышкары энергетиктер үчүн жаңы имараттар курулуп, колдонууга берилип, канчалаган мамычалар орнотулуп, линиялар тартылды. 

Мунун баары энергетиктердин эл үчүн кылган кызматы катары бааланат. 

Ардакдуу ардагерлер!

90 жыл мурун энергетика системасын түптөп жана аны өнүктүрүүгө кошкон зор салымыныздар үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздердин  калтырган мурасыңыздардын аркасы менен бүгүн биздин ар бир үйдө жарык жана жылуулук бар.

Жайы-кышы, күнү-түнү дебей майрамсыз, эс алуусуз элине жан үрөп кызмат кылган энергетик кесиптештерим менен сыймыктанам. Эл алдында опол-тоодой эмгек өтөп жатасыздар. 

Бардык энергетиктерге бакубат жашоо каалайм, жылуу күндөр көп болуп, жарык дайыма жанып турсун!»

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: