Ушул жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилигинде Элчи Авазбек Атаханов Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Илимий Фондунун (ECOSF) Президенти, Профессор Сейед Комил Тайеби, Фонддун Аткаруучу директору Доктор Гулам Мухаммад Мемон жана административдик менеджер Гулам Аббас Рахар менен жолугушту.
Элчи делегацияны жылуу тосуп алып, Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) Илимий фонду ЭКУ өлкөлөрдүн өз ара байланыштарын чыңдоодо жана региондогу экономикалык өсүштү жана интеграцияны стимулдаштыруу үчүн илим, технология жана инновация тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошону менен бирге КР Улуутук Академиянын модернизациясынын мисалында Кыргызстандын акыркы 4 жыл ичинде, анын ичинде илим жана илимий изилдөө жаатындагы жетишкендиктери тууралуу кеңири маалымат берилди.
Өз кезегинде ЭКО Илимий фондунун Президенти, профессор Сейид Комаил Тайеби элчиге 2024-жылдын жыйынтыгы жана Фонддун 2025-жылга карата пландары тууралуу маалымат берип, өз ара кызматташуунун бардык маселелери боюнча Кыргызстан менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди. Ошоной эле ал Кыргызстан 2025-жылдын 15-16-апрелинде Исламабадда “Илимдин, технологиянын жана инновациянын аймактык байланышка жана туруктуу өнүгүүгө тийгизген таасири” аттуу эл аралык конференцияга эң активдүү катышууга чакырып кетти.
Профессор Тайеби ошондой эле Фонд «Бир алкак жана бир жол» стратегиясына Кытай эл аралык илим жана технологиялык билим берүү консорциуму (BRISEC) менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып жатканы боюнча маалымат берди.
Тараптар ЭКУ өлкөлөрүнүн ортосунда илим, техника жана инновация тармагында өз ара байланыштарды өнүктүрүүгө жана чыңдоого керектүү колодоо көрсөтүүнү макулдашышты.
Жолугушуунун аягында профессор Тайеби элчиге жемиштүү талкуу үчүн ыраазычылык билдирип жана аны жакынкы келечекте ECOSF офисине келүүгө чакырды.
Маалымат үчүн: ЭКУ Илимий Фонду 1995 жылы, Измир келишимине ылайык, ЭКУ Уставынын негизинде түзүлгөн. Штаб-квартирасы Исламабадда жайгашкан. Бул Илимий Фонд ЭКУнун адистештирилген мекемеси болуп саналат, анын максаты жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоого жана мүчө-өлкөлөр арасында илимий изилдөөлөрдү өркүндөтүүгө багытталган. 1993-жылы 6-7-февралда Пакистандын Кветта шаарында өткөн ЭКУнун Министрлер Кеңешинин 3-отурумунда 1995-жылга карата мындай институтту түзүүгө чакырган. Фонддун Уставына 1995-жылы Исламабадда өткөн ЭКУнун 3-саммитинде бардык 10 мүчө өлкө кол коюшкан. Фонд ошондой эле Германиянын Бонн шаарында жайгашкан Биологиялык ар түрдүүлүктү жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр боюнча өкмөттөр аралык илимий-саясий платформанын (IPBES) байкоочу/кызыкдар тарапы катары аккредитацияланган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/