Элчи Кубанычбек Боконтаев Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзев менен жолукту – ИА Караван Инфо
Элчи Кубанычбек Боконтаев Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзев менен жолукту

2025-жылдын 4-февралында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев менен Россия Федерациясынын Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзевдин жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар аймактар ​​аралык кызматташтык контекстинде эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү маселелерин, потенциалдуу өнөктөштүктүн келечегин жана инвестициялык диалогун талкуулашты.

Игорь Кобзев тараптардын өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана жеңил жана тоо-кен өнөр жайы, мал чарбачылыгы, биоотун өндүрүү сыяктуу тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи. Кыргызстандан мүмкүн болуучу айыл чарба продукциясын ташып келүүнү уюштурууга жана Иркутск облусунда күнөскана чарбасын өнүктүрүүгө кыргызстандык инвесторлордун катышуусуна байланыштуу маселелерди кароону сунуштады. Бул максатта Кыргыз Республикасынын тиешелүүн өкүлдөрүн Иркутск облусунун Соода-өнөр жай палатасы менен жолугушууларды өткөрүүгө чакырды. Ошондой эле региондун губернатору Кыргыз Республикасынын Элчисин Иркутск облусуна иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Кубанычбек Боконтаев Кыргызстан менен Иркутск облусунун ортосундагы динамикалуу расмий жана ишкер байланыштарды, биргелешкен иш-чараларга катышууну канааттануу менен белгилеп, акыркы жылдардагы өз ара эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүндөгү оң динамикага басым жасады. Кыргыз Республикасынын экономикасынын жетишкендиктери, энергетика, өнөр жай, транспорт жана логистика, жеңил өнөр жай, айыл чарба, жогорку технологиялар боюнча экономикалык жана инвестициялык потенциал тууралуу кыскача айтып берди. Россиялык бизнести Кыргыз тараптын аймагында жайгаштырууга кызыкдар экенин баса белгилеп, фармацевтика, кайра иштетүү жана айыл чарба жаатында кызматташуунун келечегин белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар өз ара туристтик агымдардын өсүшүн, туризм чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттенүү жана Кыргызстандын тоо-лыжа кластери маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Элчи Кубанычбек Боконтаев Иркутск облусунун башчысын Игорь Кобзевди делегация менен Кыргызстандагы кыргыз-россия аймактар аралык конференциясына, ошондой эле региондун ишкерлерин 8-10-апрелде Бишкекте өтө турган «Bee-Together.Kyrgyzstan» эл аралык көргөзмөгө катышууга чакырды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: