2025-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев менен Россия-Кыргыз Ишкердик Кеңешинин (РКИК) Төрагасы В.Б.Компанейщиковдун жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда Элчи К.Боконтаев жана РКИК Төрагасы В.Компанейщиков кыргыз-орус соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын учурдагы маселелери жана келечектеги багыттары боюнча пикир алышты.
Атап айтканда, Элчи К. Боконтаев эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн, энергетика, өнөр жай, транспорт жана логистика, жеңил өнөр жай, туризм, айыл чарба, жогорку технологиялар тармактарындагы биргелешкен иштерге кызыкдар экендигин белгиледи. Анда Кыргыз Республикасынын россиялык инвестицияларга ачык экендиги белгиленип, таза инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун толук колдоого, аларды ишке ашырууга мүмкүн болушунча жардам берүүгө даярдыгы билдирилди.
РКИК Төрагасы В. Компанейщиков РКИКтин 2025-жылга карай пландары жөнүндө маалымат берип, пландары тууралуу маалымат берип, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү ортосундагы ар тараптуу кызматташууну кеңейтүү үчүн андан ары күч-аракет жумшоого даяр экенин белгиледи.
Тараптар 2025-жылга биргелешкен иш-аракеттердин пландарын талкуулап Кыргыз-Россия мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн Элчилик менен РКИК ортосундагы тыгыз кызматташууну улантууну макулдашты.
Маалымат иретинде: Россия-Кыргызстан ишкердик кеңеши (РКИК) Россиянын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан 2012-жылы түзүлгөн. Анын максаты – РФ жана КР ишкер чөйрөлөрүнө көп тармактуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүдө практикалык көмөк көрсөтүү. РКИКтин кыргыз тараптан башкы өнөктөшү – Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Кыргыз-Россия ишкердик кеңеши.
РКИКтин негизги милдеттери – Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды орнотуу, россия-кыргыз инвестициялык долбоорлорун колдоо жана россия-кыргыз экономикалык долбоорлорун жүзөгө ашырууда көмөк көрсөтүү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/