Элчи Султанбаев Минскте Кыргызстанда онлайн бизнес жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди – ИА Караван Инфо
Элчи Султанбаев Минскте Кыргызстанда онлайн бизнес жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев “Онлайн-бизнес жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирдиктүү санариптик күн тартиби жана аны Беларуста колдонуу тажрыйбасы” аттуу эл аралык жаштар тегерек столунда кириш сөзү менен иш-чараны ачып берди. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Аталган иш-чарада Парламенттин, дипломатиялык корпустун, ири IT жана финансы компанияларынын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.

Өз сөзүндө элчи Эрбол Султанбаев онлайн-сооданы өнүктүрүүдө заманбап санариптик технологиялардын ролуна токтолуп, Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

Атап айтканда, “Электрондук соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын өзгөчөлүктөрү, 2023-2026-жылдарга электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле 2022-жылдан тартып Кыргызстанда иштеп жаткан электрондук соода субъекттери үчүн атайын салык режиминин артыкчылыктары тууралуу маалымат берилди.

Аталган чаралар элчинин айтымында, салыктык кирешелердин өсүшүнө жана электрондук соода чөйрөсүндөгү субъекттердин санын көбөйүшүнө алып келди.

Тегерек столдун катышуучулары бизнес-процесстерде алдыңкы санариптик чечимдерди жана жасалма интеллектти колдонуу жана ишкердикти илгерилетүү үчүн IT продуктуларды киргизүү боюнча пикир алмашышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: