2025-жылдын 16-январында Братислава шаарында Кыргыз Республикасынын резиденциясы Вена шаарында жайгашкан Словакия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Толенды Макеев Словакия Республикасынын Тышкы жана Европа иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Растислав Хованец менен жолугушуу өткөрдү.
Анын жүрүшүндө Элчи 2025-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасына “Интергельпо” өнөр жай кооперативинин курамындагы өлкөнүн индустриялык өнүгүүсүнө чоң салым кошкон чехословактардын алгачкы эшелону келгенине 100 жыл болорун белгиледи. Бул маанилүү датага карата Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде иш сапарларды, министрликтер аралык консультацияларды өткөрүү жана эки өлкөдө башка биргелешкен иш-чараларды уюштуруу сунушталды. Аталган сунуштар словакиялык тараптан активдүү колдоо тапты.
Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын жакынкы келечектеги негизги багыттары талкууланды. Атап айтканда, Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү маселелери каралды. Бизнес-форумдарды өткөрүү жана эки өлкөнүн ишкерлеринин түз байланыштарын орнотуу боюнча сунуштар айтылды.
Мындан тышкары эки өлкөнүн дипломатия жаатындагы көп тараптуу, анын ичинде БУУ, Европа Биримдиги жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. Айрыкча Кыргыз Республикасынын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуу боюнча талапкерлигине колдоо көрсөтүү маселеси каралды. Ошондой эле Словакиянын парламенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Европа Биримдиги менен 2024-жылдын 25-июнунда Брюсселде кол коюлган Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашууну тез арада ратификациялоого көмөктөшүү маселеси көтөрүлдү.
Кыргыз-словак мамилелеринин мыйзамдык базасын чыңдоо максатында эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлорун, анын ичинде инвестицияларды өз ара кубаттоо жана колдоо, дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режимди орнотуу, пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу тууралуу жана башка макулдашууларга кол коюу процессин тездетүү макулдашылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/