Эмгек министрлиги: 892 соцкызматкер үй шартында 8 986 адамга кызмат көрсөтөт – ИА Караван Инфо
Эмгек министрлиги: 892 соцкызматкер үй шартында 8 986 адамга кызмат көрсөтөт

2025-жылдын 1-январына карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык, райондук жана межрайондук башкармалыктарында 892 социалдык кызматкер социалдык жардамга муктаж 8986 жарандын үйүнө барып кызмат көрсөтүүдө.

Ведомствонун маалыматына караганда, алардын катарына төмөнкүлөр кирет:

• жалгыз бой кары-картаңдар – 3530 адам;

• майыптыгы бар адамдар – 2056 адам;

• үй-бүлөлүү жуптар – 371 үй-бүлө;

• оор турмуштук кырдаалга кабылган үй бүлөлөр – 3029 үй-бүлө.

Социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган улгайган адамдарга, өз алдынча жүрүү мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай жоготкон жарандарга, үй-бүлөлүү жуптарга жана оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүшөт.

Адистер тиричилик маселелерин чечүүгө көмөктөшүп, психологиялык жана социалдык колдоо көрсөтүшөт.

Ар бир социалдык кызматкер өзүнүн карамагындагы адамды башкармалыктын жетекчиси бекиткен жеке графикке ылайык, жумасына кеминде эки жолу зыярат кылат. Бул ыкма сапаттуу камкордукка жана өз убагында жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.

Үй шартында социалдык жардам алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кошуналардын же жардамга муктаж жарандардын жакын туугандарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу талап кылынат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыздоо боюнча иштерди улантууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: