Эмгек министрлиги ата-энелердин жоопкерчилиги жөнүндө эскертет – ИА Караван Инфо
Эмгек министрлиги ата-энелердин жоопкерчилиги жөнүндө эскертет

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертет, КР Конституциясынын 27-беренесине ылайык, ар бир баласынын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыз кылуу жоопкерчилиги ата-энеге, камкорчуга жана көзөмөлчүгө жүктөлөт.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине жана Балдар жөнүндө кодексине ылайык, ата-энелер (алардын ордуна өтө турган адамдар) баланы тарбиялоого, анын билим алуусуна камкордук көрүүгө жана жашына, жөндөмдүүлүгүнө жараша иш-аракетин жетектөөгө укуктуу жана милдеттүү.

Ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) баланын толук өсүшү, билим алышы, ден соолугунун чыңдалышы жана аны үй-бүлөдө жана коомдо өз алдынча турмушка даярдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 391 токтому менен бекитилген “Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө Жобо” боюнча, үй-бүлө турмуштук оор кырдаалда болсо, каттоого алынып, үй-бүлө менен жекече иштөө планы түзүлөт. Бул планга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар көрсөтүлөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энелерди жана камкорчуларды балдарын тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн шарттарына тыкыр көз салууга, ошондой эле алардын бакубаттуулугу үчүн коом жана мамлекет алдындагы жоопкерчиликти эске алууга чакырат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: