Эмгек министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринде текшерүү жүргүзүлүүдө – ИА Караван Инфо
Эмгек министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринде текшерүү жүргүзүлүүдө

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун тапшырмасы менен министрдин орун басарлары тарабынан жаңы жылдык эс алуу күндөрү министрликтин социалдык стационардык мекемелеринде текшерүү жүргүзүлүүдө.

Бул текшерүүнүн максаты – социалдык мекемелердеги жарандардын жашоо шартын текшерүү жана коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле социалдык кызматтарды сапаттуу көрсөтүү болуп саналат.

Текшерүүлөрдүн алкагында ысык тамак-аштын стандарттарын сактоого, анын сапатын камсыз кылууга жана тамак-аш ченемдерине шайкеш келүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Ошондой эле, кызмат алуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү үчүн бөлмөлөрдө керектүү температуралык режимди сактоо боюнча көзөмөл жүргүзүлүп жатат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: