Эмир-Хан Кыдыршаев белгилүү словакиялык клубдун негизги курамында ойнойт – ИА Караван Инфо
Эмир-Хан Кыдыршаев белгилүү словакиялык клубдун негизги курамында ойнойт

Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын капитаны Эмир-Хан Кыдыршаев словакиялык «Тренчин» футболдук клубу менен эмгек келишимин узартты.

Буга чейин Эмир-Хан клубдун жаш курамдары үчүн ойноп келсе, эми карьерасын негизги командада улантат.

Келишимге Эмир-Хан Кыдыршаев менен бирге Испаниянын Аликанте шаарында Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын жыйынын машыгууларына күбө болуп жаткан «Тренчин» клубунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Тшеу Ла Лин кол коюшту.

Кезинде Нидерланд Улуттук курамасы үчүн ойногон Тшеу Ла Лин «Аякс» клубунун легендарлуу оюнчусу болуп саналат. Оюнчулук карьерасын аяктаган соң ал жаш таланттарды аныктоого жана таптоого багыталган «Тренчин» клубун түптөгөн. Учурда «Тренчин» клубу Словакиянын Жогорку лигасында ойнойт.

Европалык клубдун жетекчиси жаштар курамыбыздын башка оюнчуларын да кылдат кароого алды, андыктан аталган клуб менен бул келишим биздин жаш оюнчулар үчүн алгачкылардан гана болушу мүмкүн. 19-жаштагы Эмир-Хан Кыдыршаевдин келишими бир жарым жылга ылайыкталды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: