Энергетика министрлиги ГЭСтерге экскурсия уюштурат. Кимдер катыша алат? – ИА Караван Инфо
Энергетика министрлиги ГЭСтерге экскурсия уюштурат. Кимдер катыша алат?

Энергетика министрлиги гидроэлектростанциялардын (ГЭС) иштешин, жаңыланган жабдууларды жана электр энергиясынын өндүрүү процессин өз көзү менен көрүүнү каалагандар үчүн бекер экскурсия уюштурууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

Экскурсияда эмне болот?

Экскурсиянын максаты

Акыркы убакта коомчулукта “Тарифтер эмнеге көтөрүлүп жатат?”, “ГЭСтер жаңыланып жатканы менен, жарык эмнеге жетишсиз?” же “Суу каякка кетип жатат?” деген сыяктуу суроолор көбөйүүдө. Экскурсиянын негизги максаты — энергетика тармагындагы маселелерди жеринде фактылар менен түшүндүрүп берүү.

Чогула турган жай:

Кимдер катыша алат?

Экскурсияга бардык каалоочулар (активисттер, журналисттер, эксперттер жана жөнөкөй жарандар) катыша алышат.

Каттоо үчүн байланыш: (Каттоо 20-январь, саат 13-00 чейин)

0704 45-38-38

0772 66-57-87

Энергетика маселелерине кызыгып, фактыларды жеринде билүүнү каалагандар үчүн бул — уникалдуу мүмкүнчүлүк. Барып келген чыгымдар министрлик тарабынан жабылат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: