Эр-Риядда Кыргызстан менен Филиппиндин эмгек министрлери жолукту – ИА Караван Инфо
Эр-Риядда Кыргызстан менен Филиппиндин эмгек министрлери жолукту

Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Филиппин Мамлекетинин эмгек мигранттары министри Ханс Лео Какдас менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу эмгек рыногу боюнча Глобалдык конференциянын алкагында Эр-Риядда өткөн. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эмгек миграциясы жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды.

Министр Сабиров Филиппин Өкмөтүнүн эмгек миграциясын жөнгө салуудагы жетишкендиктерин жогору баалап, “Филиппин тажрыйбасы” жарандарды өнүккөн өлкөлөргө ишке ийгиликтүү даярдоодо жана жөнөтүүдө гана эмес, мигранттардын укуктарын жогорку натыйжалуу коргоодо да үлгү экенин белгиледи.

Буга байланыштуу министр миграциялык процесстерди башкарууда тажрыйба алмашуу үчүн кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнү сунуштады.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: