Кыргыз Республикасында товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууну жөнөкөйлөтүү максатында, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.
ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев болду.
Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча тиешелүү ишти жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына сунуштарды киргизет.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Белгилей кетсек, жумушчу топтун максаты – товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана оптималдаштыруу, ошондой эле бизнес-процесстерде аларды натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/