Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында министрдин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов Швейцариянын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер жана Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин издөө-куткаруу операциясы (ИНСАРАГ) боюнча эл аралык консультативдик тобунун алкагында кароо миссиясы менен жолугушту.
Жолугушуунун негизги максаты – Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу тобунунун ИНСАРАГ издөө жана куткаруу маселелери боюнча эл аралык консультативдик тобуна кирүүсүнө Швейцария өкмөтү тарабынан колдоо көрсөтүү.
Министрдин орун басары өз сөзүндө өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу маселелерин чечүүгө, ӨКМдин куткаруу отрядынын ИНСАРАГ тобуна кирүүсүнө даярдык маселелерине колдоо көрсөтүүсүнө жана тыгыз кызматташтыгы үчүн Швейцария тарапка ыраазычылыгын билдирди.
Урматбек Шамырканов белгилегендей, өлкө көптөгөн табигый жана техногендик тобокелчиликтерге дуушар болууда жана көбүнчө кыйратуучу өзгөчө кырдаалдарга туш болот. Айрыкча сел жана мезгилдүү суу ташкындары олуттуу адамдык жана каржылык жоготууларды алып келүүдө. Бул жагынан алып караганда, кыргызстандык куткаруучулардын ИНСАРАГ эл аралык уюмуна мүчө болуп кирүүсү стратегиялык мааниге ээ.
Баарлашуунун жүрүшүндө министрдин орун басары КР ӨКМнин издөө-куткаруу отрядын ИНСАРАГга кошуу боюнча аткарылган иштерге кененирээк токтолду.
Ал ошондой эле Түркиядагы ири жер титирөөдө ӨКМдин издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары өз миссиясын канчалык кесипкөйлүк менен алып барышканын жана аны аткарууга мыкты даярдыгын көрсөткөнүн белгиледи.
“2023-жылдын февраль айында Түркиядагы миссия биздин куткаруучулардын жогорку кесипкөйлүгүн жана даярдыгын көрсөттү. Издөө операцияларынын жүрүшүндө КР ӨКМ адистери жер титирөөдөгү ширендинин алдында калган 8 адамды куткарып, 100дөн ашык адамдын сөөгүн чыгарышкан. Жабыркагандарды издөөгө жана авариялык-куткаруу иштерине жалпысынан ӨКМдин 178 кызматкери: куткаруучулар, медицина кызматкерлери, психологдор жана кинологдор тартылган. Ал жактагы топтогон тажрыйбаларыбыз бизге мындан ары да өнүгүүгө жардам берет”, – деп белгиледи министрдин орун басары.
Өзгөчө көңүл биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө жана жер титирөөдөн кийинки калыбына келтирүү боюнча Түркиянын тажрыйбасын колдонууга бурулду.
Өз кезегинде Оливье Бангертер Кыргызстан менен кызматташуу жогорку деңгээлде экенин белгилеп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин командасынын ИНСАРАГ издөө-куткаруу боюнча эл аралык консультативдик топтун курамына кириши үчүн ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу отрядын ИНСАРАГ сертификатын алууга даярдоо боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттерди көрүү, материалдык-техникалык жабдууларды жакшыртуу иштерин координациялоо, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен машыгууларды өткөрүү тууралуу макулдашышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/