Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Кадамжай районунун А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн Пешкаут жайлоосунда мыйзамсыз аңчылык кылган жаранды аныкташты.
Текшерүү учурунда А.Т. аттуу жаран мыйзамсыз аңчылык жүргүзүп, 2-кекилик атып алганы белгилүү болду.
Бул факт КР Укук бузуулар кодексинин 261-беренесинин 1-пунктуна ылайык катталып, айыпкерге 10 000 сом айып пул салынып, ошондой эле КР Өкмөтүнүн токтомунун негизинде жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн 4 000 сом доо коюлду.
Жаратылыш ресурстары министрлиги жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылышты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү багытында өз ишин улантып, коомчулукту жаратылышты сактоо жана экологиялык көзөмөлдү күчөтүү маселелерине көңүл бурууга чакырат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/