Кадамжайда милиция алдамчылыкка шектелген жаранды издөөдө.
Баткен облустук милициясынын маалыматына караганда, Кадамжай районунун Жеңиш айылындагы “Баяман баатыр” базарында Ош облусунун Кара-Суу районунун 37 жаштагы тургуну Журабек Туйчиев соода сатыкта 30 миң АКШ долларына алдап кеткендиги боюнча арыз түшөт.
Бул арыз Кадамжай РИИБдин КБРне КРнын кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен катталып, бул кылмыш иши менен айыпталган Журабек Туйчиевке баш коргоо чарасы камакка алынган.
Азыркы күндө кылмыш жоопкерчилигинен качып, тергөөгө келбей жүргөндүгүнө байланыштуу Кадамжай РИИБи Туйчиев Журабек Махамаджановичке издөө иштерин ачып, издөө жарыялайт.
“Жогорудагылардын негизинде издөөдө жүргөн Туйчиев Журабек Махамаджановичтин жүргөн жерин аныктоо максатында, коомчулукка кабарлап, эгерде көргөн билгендер болсо же кандайдыр бир маалымат болсо төмөндөгү телефондорго билдирип коюуӊуздарды суранабыз. Кадамжай РИИБнин (+996) 3622-5-02-29; 102 нөөмөт бөлүмүнө же уюлдук телефон аркылуу кабарлаңыз. тел: 0776-85-10-10”, – деп айтылат маалыматта.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/