Кант шаарынын мэри: Шаарды өнүктүрүү үчүн учурда 38 долбоор менен иш алып баруудабыз – ИА Караван Инфо
Кант шаарынын мэри: Шаарды өнүктүрүү үчүн учурда 38 долбоор менен иш алып баруудабыз

2024-жылы ишке ашкан административдик-территориалдык реформанын негизинде Кант шаарынын аймагы кеңейтилип, Люксембург айыл өкмөтү дагы карамагына киргизилген. Ошону менен бүгүнкү күндө Кант шаарынын аянты 6300 гектар, ал эми калкынын саны 31 миңге жетти. “Биринчи радионун” түз эфиринде аталган шаардын мэри Улан Майлибашев облустук деңгээлдеги шаар макамын алган Кант шаарын өнүктүрүүдөгү негизги иш аракеттер тууралуу айтып берди. 

Айтымында, Өзгөн жана Ысык-Ата райондору пилоттук долбоорго киргендиктен Кант шаарына Ысык-Ата райондук акимиаты убактылуу кураторлук кылууда. 

«Биз азыр биргеликте «Өсүү чекити» деген долбоордун негизинде иштеп жатабыз. «Өсүү чекитине» 18 долбоор кошулган, андан тышкары өзүбүз аткара турган 20 долбоор бар, ошону менен алдыбызда аткарчу 38 долбоор бар. Алардын баары эле кыска мөөнөттө ишке ашчулардан эмес, мисалы, суу канализация, саркынды суулардын канализациясы сыяктуу долбоорлор узак убакытты талап кылат», – деди мэр. 

Ал эми тез ишке аша турган долбоорлорго, Улан Майлибашев белгилегендей, социалдык имараттарды куруу, оңдоодон өткөрүү ж.б. кирет. Айрыкча, акыркы учурда УКМКнын жардамы менен шаарда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен социалдык имараттар мамлекетке кайтарылууда. 

«Автобазаны кайтарып алдык, 2090 квадрат метрлик бала бакчаны кайтардык, бул өтө чоң бала бакча. Андан башка дагы бир бала бакчага шаардын карамагына өткөрүлдү. Автобазаны толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүп, эми «Өсүү чекити» долбооруна кичи автобустарды алуу аракетин киргизип жатабыз, автобустар берилип калса, ички каттамдарды жандандырабыз. Ошондой эле, базарыбыз шаардын так ортосунда жайгашкандыктан, элге ыңгайсыздык жаратууда. Башаламан соода-сатык менен күн сайын күрөшөбүз, бирок күн сайын чыга беришет. Баарын эске алып, шаар сыртынан ыңгайлуу жер таап, базарды ошол жакка көчүрөлү деп атабыз. Андан сыткары Жеңиш паркынын аймагына амфитеатр, инновациялык китепкана куруу пландарыбыз бар. Жаштар аллеясы курула баштады, жарыктандыруу, асфальт төшөө, таза суу чыгаруу боюнча мурдатан келаткан программабыз бар болчу, аларды да бир катарда алып баратабыз», – деди мэр.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: