Кара-Көлдөгү жаңы заманбап имарат: Ички иштер бөлүмүнүн келечегине болгон күчтүү кадам – ИА Караван Инфо
Кара-Көлдөгү жаңы заманбап имарат: Ички иштер бөлүмүнүн келечегине болгон күчтүү кадам

Кара-Көл шаарында ички иштер бөлүмүнүн 2 кабаттуу жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Марлис Асанов, ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаков жана ШРИИБдин башчылары, ардагерлер жана чакырылган коноктор катышты.

Милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев салтанаттуу ачылышта Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамын жаңы заманбап имараттын пайдаланууга берилгендиги менен куттуктап, кызматкерлерди өздөрүнүн берген анттарына бекем туруп, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө чакырды. Ошондой эле жетекчилик тарабынан коюлган талаптарды так аткарып, мыйзамдуулукту сактап, кызматтык тартипти бузбай, жарандардын кайрылууларына өз убагында жооп берүү керектигин эскертип өттү.

Ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаков да сөз сүйлөп, кызматкерлерди жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, аларга бекем ден-соолук жана ийгиликтерди каалады.

Жаңы имарат заманбап талаптарга ылайык, бардык шарттар менен жабдылган жана ички иштер бөлүмүнүн ишин сапаттуу жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: