Кара-Суу районунда 120 орунга ылайыкталган бала бакча ачылды – ИА Караван Инфо
Кара-Суу районунда 120 орунга ылайыкталган бала бакча ачылды

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Тельман айылындагы жаңы салынган бала бакчанын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бала бакча Мамкурулуш агенттиги тарабынан курулуп, республикалык бюджеттен каржыланды.

Объекттин наркы 100,2 млн сомду түздү.

Долбоор боюнча 120 орунга ылайыкталган эки кабаттан турат. Заманбап шартта салынган группалык таалим алуу, ойноо жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети, кабыл алуу кабинети жана сырткы ойноо аянтчасы каралган.

Объекттин жалпы аянты 1538 чарчы метр.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: