Караколду Борбор Азиянын шыктуу саякат борбору деп атады – ИА Караван Инфо
Караколду Борбор Азиянын шыктуу саякат борбору деп атады

Америкалык Condé Nast Traveller туристтик журналы Каракол шаарын Борбор Азиянын чыныгы шыктуу саякат борбору деп атады. Бул тууралуу КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан кабарлашты.

Condé Nast Traveller 1987-жылдан бери чыгарылып келет жана дүйнөдөгү эң атактуу жана абройлуу туристтик басылмалардын бири. Журнал «туристтерин Кураны » деп эсептелет жана анын сунуштары көбүнчө саякат багыттарын тандоого жана туристтик маршруттарды түзүүгө таасирин тийгизет.

7-январдагы “2025-жылы зыярат кылуу үчүн эң мыкты 25 жер” деген макалада Каракол сөзсүз түрдө көрүлүүчү жерлердин тизмесине кирген. Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан шаар саякатчыларга активдүү эс алуу, ошондой эле маданий жана кулинардык ар түрдүүлүк үчүн идеалдуу шаар катары сунушталат.

«Каракол Борбор Азиянын чыныгы шыктуу саякат борбору. Тянь-Шань тоо кыркалары жана Ысык-Көл сейилдөө, ат минүү, кайык менен сүзүү, параплан жана башка шыктуу оюндар үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт, алар сизге чыныгы адреналинди тартуулайт», – дешет Condé Nast Traveler авторлору.

Эл аралык аэропорттун ачылышы менен Каракол шаары туристтер үчүн ого бетер жеткиликтүү болуп калды. Condé Nast Travellerдин айтымында, шаар июнь айынан сентябрга чейин треккинг жана маданий турлар үчүн, ал эми декабрдан апрелге чейин кышкы спорттук оюндар үчүн идеалдуу.

Журнал Каракол лыжа базасы 1,8 миль бийиктикте жайгашкан Борбор Азиядагы эң бийик тоо курорту экенин, «Үч чоку» лыжа базасынын ачылышы кышкы спортту сүйүүчүлөрдү аймакка ого бетер кызыктыра турганын баса белгилеген.

Анткен менен макалада белгиленгендей, жылдын кайсы мезгилинде болбосун, жергиликтүү маданияттын атмосферасына сугарып турган кыргыздын салттуу боз үй конушунда болуу тажрыйбасы өзгөчө жагымдуу.  

«Каракол дагы маданий көп түрдүүлүгү менен белгилүү. Бул шаарда уйгурлар, өзбектер, кыргыздар, калмактар, дунгандар жана орустар жашап, уникалдуу маданий мурастарды жаратат. Көрүнүктүү мисалдардын катарына жыгачтан жасалган кооз үйлөр, сергиткен муздак ашлян-фу тамагы жана 1907-жылы курулган архитектуралык укмуштуудай дунган мечити кирет”, – деп айтылат Condé Nast Traveler макаласында.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: