Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Акордо резиденциясында жети мамлекеттин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Дипломаттардын курамына Испания, Эстония, Өзбекстан, Судан, Руанда, Доминикан Республикасы жана Маврикийдин өкүлдөрү кирди.
Токаев дипломаттарга кайрылып, Казакстандын тынчтыкчыл тышкы саясатын, эл аралык кызматташууга жана БУУнун Уставына берилгендигин баса белгиледи. Мамлекет башчысы эки тараптуу мамилелердин жана көп тараптуу деңгээлдеги кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөнүн экономикасынын мындан ары туруктуу өнүгүшүнө ишеним билдирди.
Казакстандын президенти белгилегендей, экономикалык туруктуулукка жетүүдөгү ийгилик чет элдик өнөктөштөр, анын ичинде жаңы элчилер өкүлчүлүгү болуп жаткан өлкөлөр менен тыгыз өз ара аракеттенүүдөн көз каранды.
Салтанаттын соңунда Токаев дипломаттарды миссиясынын башталышы менен куттуктап, алардын мамлекеттеринин жетекчилерине жылуу каалоо-тилектерин айтты.
Сүрөт: Акорда