Катардык бизнесмен Кыргызстандын кооздугунан таасирленип, туризмге инвестиция салууга даяр – ИА Караван Инфо
Катардык бизнесмен Кыргызстандын кооздугунан таасирленип, туризмге инвестиция салууга даяр

КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Кылычбек Рысалиев 30-январда Катар мамлекетинен келген инвестор Матар бин Ахмед А.Алкуари менен жолугушуу өткөрдү.

Фонддун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар туризм тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

Алкуари мырза өлкөнүн туристтик потенциалына терең кызыгуусун билдирип, анын бай жаратылыш жана маданий мурастарын белгиледи. Ал чет элдик, анын ичинде Катар мамлекетинен келген туристтерди тартуу максатында кыргыз элинин салттуу жашоо-турмушун чагылдырган туристтик жай түзүүнү пландап жатканын билдирди.

Фонддун президенти уюмдун ишмердүүлүгү, ишке ашырылып жаткан жана келечектүү долбоорлору менен тааныштырып, ошондой эле бардык мезгилдүү туристтик объектилерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун эң эффективдүү формалары боюнча пикир алышты жана мындан аркы өз ара аракеттенүү, анын ичинде инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн потенциалдуу жер тилкелерди кыдыруу боюнча макулдашышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: