Казакстандын президенти КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевди кабыл алды
Казакстанга расмий сапары менен барган Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министр Казакстандын лидерине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын жолдоду.
Жолугушууда кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелеринин абалы жана келечеги талкууланып, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору каралды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/