Климаттын өзгөрүшү калктын ден соолугуна коркунуч жаратып, жугуштуу оорулардын жайылышын көбөйтөт, ичүүчү суунун сапатына жана азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизет, ошондой эле жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын ооруларынын өсүшүнө шарт түзөт.
КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, аялдар, балдар жана улгайган адамдар аялуу калк топтору экенин белгилей кеткибиз келет.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооп чаралары:
1. Саламаттыкты сактоо министрлиги климаттык коркунучтарды байкап, саламаттыкты сактоо системасы үчүн улуттук адаптациялык планды иштеп чыгууда.
2. Калкты климаттын өзгөрүшүнүн ден соолукка тийгизген таасири жана анын таасирин азайтуу жолдору тууралуу маалымдоо программалары иштелип чыгууда.
3. Өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен активдүү кызматташып, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо программаларын ишке киргизүүдө.
Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык жарандардын ден соолугун коргоо үчүн гендердик жана инклюзивдик аспекттерди эске алуу менен саламаттыкты сактоо тутумунун климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун күчтөндүрүүнү улантууда.
Коомчулукту тартуу жана эл аралык кызматташуу ийгиликтүү адаптациялоо үчүн маанилүү кадамдар болуп саналат.