ӨКМ: Каракол – Эңилчек унаа жолу ачык – ИА Караван Инфо
ӨКМ: Каракол – Эңилчек унаа жолу ачык

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол – Эңилчек унаа жолу ачылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

“Киргизилген убактылуу чектөө абал турукташкандыгына байланыштуу бүгүн, 10-январда алынды”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган унаа жолдо чектөө кечээ, 9-январда киргизилген. Жол кар жаап, бороон болуп айрым тилкелерде күрткү пайда болуп жаткандыгына байланыштуу акимдин тескемесинин негизинде жабылган. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: