ӨКМ: Таш-Көмүрлүк тургунду издөө иштери токтотулду
Мындан туура бир ай мурда жоголгон Таш-Көмүрлүк тургунду издөө иштери туугандарынын макулдугу менен токтотулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жерине тартылган куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышууда.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, тынымсыз изделип келген.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/