Cалык кызматы “Учкун” ААКнын отунду маркалоо оператору менен биргеликте маркалоо системасы киргизилгенден бери 188,6 миң тонна бензин жана дизелдик отунду маркалады.
МСКдан кабарлашкандай, тактап айтканда, 117,1 миң тонна бензин жана 71,5 миң тонна дизелдик отун маркаланды.
Мындан сырткары, 2024-жылдын декабрында милдеттүү маркалоо киргизилгенден бери КММга акциз салыгынан 585,5 млн сом келип түштү, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 51,6%га көп.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда молекулярдык маркерлерди колдонуу менен импорттолуучу жана өлкөдө өндүрүлгөн бензин менен дизелдик отунду милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген.
Мындан сырткары, 2025-жылдын 1-январынан тартып маркасы жок бензинди жана дизелдик отунду жүгүртүүгө тыюу салынган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/