Коррупцияга каршы аракеттер, жол кыймылынын эрежелерин сактоо: борбордогу автобус айдоочулары менен өткөн кеңешме – ИА Караван Инфо
Коррупцияга каршы аракеттер, жол кыймылынын эрежелерин сактоо: борбордогу автобус айдоочулары менен өткөн кеңешме

2025-жылдын 21-январында Бишкек шаарында «Бишкек шаардык транспорт» МИсындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана жол-жоболорду сактоо, ишкананын ишин жакшыртуу, ошондой эле айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактоосу боюнча кеңешме өткөрүлдү.

Жыйында КР УКМК, Бишкек ШИИБдин МККБ өкүлдөрү, Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаментинин адистери, колонналардын башчылары жана автобус айдоочулары катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө,  КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү чараларын күчөтүүгө багытталган жаңы өзгөртүүлөр, айдоочулардын тартиби жана жол кыймылынын эрежелерин сактоосу боюнча маселелер, ошондой эле ишканадагы айдоочуларга карата жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралар талкууланды.

Ошол эле учурда, 10 айдоочу жол кыймылынын эрежелерин системалуу бузгандыгы үчүн кызматтан бошотулду жана 537 айдоочу “кара тизмеге” киргизилди, бул алардын муниципалдык мекемеде иштөө укугунан ажыратат.

Жыйындын соңунда айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактоосуна көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле эреже бузууларды алдын алуу үчүн мезгил-мезгили менен рейддик жана профилактикалык иш-чараларды өткөрүү тапшырылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: