Коррупцияга шектелген кызмат адамы кармалды – ИА Караван Инфо
Коррупцияга шектелген кызмат адамы кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлери тарабынан жасалма документтердин негизинде 1 800 000 сомдук курулуш иштери жүргүзүлгөндүгү жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн.

2025-жылдын 18-январында аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, ИИМдин КИББдин кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигине караштуу мекемелеринин биринин жетекчиси 1992-жылы туулган Б.И.Б. кармалып, Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп  бөгөт коюу чарасы каралууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: