КР элчиси БАЭнын тышкы иштер министринин орун басарына ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды – ИА Караван Инфо
КР элчиси БАЭнын тышкы иштер министринин орун басарына ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

Кыргызстандын элчиси Аман Салиев Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министринин орун басары Омар Обейд Аль Шамсиге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, расмий жолугушуунун алкагында министрдин орун басары Омар Обейд Аль Шамси элчини жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы мамилелерди чыңдоого чоң салым кошоруна ишенимин билдирди.

Ал эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде, элчи Аман Салиев жылуу каалоо-тилектер үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшаарын айтты. Ошондой эле, эки тарапка тең пайдалуу болгон кызматташтыкты тереңдетүү боюнча иштөөгө даяр экендигин баса белгиледи.

Министрдин орун басары Омар Обейд Аль Шамси элчиге жаңы кызматында ийгиликтерди каалап, эки тараптуу мамилелерди бекемдөө үчүн тыгыз кызматташууга даярдыгын билдирди.

Жолугушуу учурунда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, жогорку деңгээлдеги жана бийик даражалуу пландалган визиттерди талкуулашты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: