КР Эмгек министрлиги Россиядагы кыргызстандык мигранттардын айлык акысын төлөттүрүп берди – ИА Караван Инфо
КР Эмгек министрлиги Россиядагы кыргызстандык мигранттардын айлык акысын төлөттүрүп берди

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү “ПГС-ПРО” ЖЧК тарабынан эмгек акысын төлөбөгөндүгүнө даттануу менен кайрылган Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылуусу боюнча алардын укуктарын коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрдү.

Москва облусунун укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнүн жана тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында маселени толук чечүүгө жетишилди. Аталган компанияда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына эмгек акы боюнча 1 500 000 рубль өлчөмүндө карыз төлөнүп берилген.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: