КР Энергетика министрлиги менен Орто Азиядагы эң ири трансформатор чыгаруучу ишканалар тобу кызматташат – ИА Караван Инфо
КР Энергетика министрлиги менен Орто Азиядагы эң ири трансформатор чыгаруучу ишканалар тобу кызматташат

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Казакстанга иш сапар менен барды, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Иш сапардын алкагында министр Орто Азиядагы эң ири трансформатор чыгаруучу “Alageum Electric” компаниялар тобунун негиздөөчүсү Кожабаев Сайдулла менен жолугушуу өткөрдү.

Эки тараптуу жолугушуунун негизги максаты – Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги менен “Alageum Electric” компаниялар тобунун мындан ары кызматташуусуна жол ачуу болду. Аталган компаниянын филиалы катары Кыргызстанга завод ачып, трансформаторлорду өндүрүп, андан арзан баада сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

“Alageum Electric” компаниялар тобунун негиздөөчүсүнүн айтымында алар Кыргызстанга завод ачууга жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен кызматташууга даяр. Эгерде алдыгады коюлган пландар ийгиликтүү ишке ашырылса, анда заводду куруу иштери быйылкы жылы башталат.

Кызматташууну тереңдетүү максатында Энергетика министрлиги менен “Alageum Electric” компаниялар тобу ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Мындан тышкары, иш сапардын алкагында КРнын энергетика министри Т.Ибраев “Кентау трансформатор заводунун” (“КТЗ” АО) Директорлор кеңешинин төрагасы Кунтуаров Сергазы жана “Asia Trafo” ЖЧӨ заводунун төрагасы Токмурзин Руслан Рустамович менен жолукту.

Анда энергетика министри Т.Ибраев заводдон өндүрүлгөн трансформаторлорду жеринен көрүп, заводдун иш аракеттери менен таанышты. Министр трансформатордун сапаты, кубаттуулугу тууралуу маалымат алып, энергетика тармагы боюнча кызматташуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Аталган завод менен кызматташуу, энергетика тармагындагы жабдууларды жаңылоо өбөлгө түзөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: