«КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды – ИА Караван Инфо
«КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды

Бүгүн, 16-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Аталган мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунда бөгөт коюу чаралары системасында күрөөнүн ролун күчөтүү жана аны кыйла натыйжалуу колдонууга өбөлгө болуучу механизмдерди иштеп чыгуу жана – жазык сот өндүрүшүндө видеоконференцбайланышты жакшыртуу каралган.

Муну менен катар сот процессинин катышуучуларынын өтүнүчү менен, же өзүнүн демилгеси менен отурумду теле, радио жана интернет аркылуу эфирде түз алып көрсөтүүгө (онлайн түз алып берүүгө) уруксат бере алат.

Андан тышкары, жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууга каралып, колдоо тапты. Мыйзам долбоорун Юстиция министри Аяз Баетов тааныштырды. Анын айтымында, өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын жалпы юрисдикциядагы сотторуна бейтарап соттордун чечимдерине даттануу жол-жобосун киргизүүгө багытталган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: