Бүгүн, 2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттарды белгиледи:
«Мен саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүдө негизги деп эсептеген багыттарга токтолгум келет. Биринчи кезекте – бул башкаруу деңгээлиндеги системалуу коррупцияга каршы күрөш. Бул жөнөкөй дарыгерлерге эмес, чечим кабыл алган жетекчилерге, Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын, республикалык медициналык уюмдардын жетекчилерине, башкы дарыгерлерге, мамлекеттик каражатты бөлүштүргөн жана сатып алууларды жүргүзгөн адамдарга тиешелүү. Коррупцияга каршы күрөш – менин ишмердүүлүгүмдөгү эң маанилүү багыттардын бири.
Экинчиден, калкты дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен жеткиликтүү камсыздоо. Бул финансылык жактан гана эмес, физикалык жана географиялык жеткиликтүүлүктү да камтыйт. Айрыкча алыскы аймактардагы жарандар өздөрүнө керектүү дары-дармектерди оңой сатып ала алышы керек. Бул багытта Кыргызстанда азыр олуттуу көйгөйлөр бар.
Үчүнчүдөн, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы боюнча маселе. Дары-дармектердин баасын жөнгө салуу идеясы абдан жакшы, бирок аны ишке ашыруунун механизмдери жакшыртууну талап кылат. Алгач пилоттук долбоорлорду киргизип, бардык процесстерди так иштеп чыгуу зарыл. Медицина мекемелеринде дары-дармектердин жетишсиздиги болбошу керек, калк зарыл болгон медикаменттер менен камсыз болушу керек. Учурда биз кырдаалды талдап жатабыз, андан кийин өз сунуштарыбызды киргизебиз.
Төртүнчү багыт – стационардык кызматты чыңдоо. Ооруканаларды куруу, оңдоо жана заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо иштерин улантуу зарыл. Өлкө боюнча ооруканалардын абалы начар, жана биз муну өзгөртүшүбүз керек. Айрыкча алыскы аймактарда, райондордо жаңы клиникалар курулушу керек. Азыр клиникалар ар кандай фонддордун жана башка каржылык булактардын эсебинен курулууда, бул ишти күчөтүү керек.
Кадр маселеси дагы чоң көйгөй бойдон калууда. Медициналык адистердин жетишсиздиги аймактарда гана эмес, Бишкек жана Ош шаарларында да байкалууда. Бизге врачтар, орто медициналык кызматкерлер жетишпейт. Медициналык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу бул көйгөйдү чечүүнүн негизги фактору болуп саналат. Биз буга байланыштуу комплекстүү анализ жүргүзүп жатабыз жана жакынкы убакта өз сунуштарыбызды киргизебиз.
Жана акыркы маанилүү маселе – бул оорулардын алдын алуу жана профилактиканы өнүктүрүү. Азыркы учурда саламаттык сактоо тутуму негизинен оорулардын кесепеттери менен күрөшүүгө багытталган. Бирок биз алдыбызга калктын орточо жашоо узактыгын жогорулатуу, улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу сыяктуу башка максаттарды коюубуз керек. Пенсионерлер ооруканага барып убакыт өткөрбөстөн, дени сак жана активдүү жашоо кечириши керек. Бирок мунун баары профилактикага жетиштүү деңгээлде каржы бөлүүгө байланыштуу. Азыр саламаттык сактоо бюджетинин болгону 5% гана профилактикага жумшалат, биз бул көрсөткүчтү жогорулатышыбыз керек.
Жалпысынан, мен саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүдө төрт негизги багытты көрүп турам – коррупцияга каршы күрөш, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, кадр саясаты жана профилактика», – деп билдирди Эркин Чечейбаев.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/