КР ТИМ башчысы расмий сапары менен Казакстанга барат
Үстүбүздөгү жылдын 10-11-январында Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеунун чакыруусу менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, анда кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү менен союздаштыгынын актуалдуу маселелери талкууланат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/