Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев ушул жылдын 27-30-январь күндөрү Эл аралык валюта (ЭВФ) фондусунун тарабынан уюштурулган жогорку деңгээлдеги брифингге катышты.
Улуттук банктан кабарлашкандай, брифинг акча-кредиттик жана валюталык саясаттын негизги аспектилерин, финансы рыногун жана төлөм системаларын жөнгө салуу, борбордук банктын институционалдык базасын жана коргоо механизмдерин чыңдоо маселелерин, ошондой эле Улуттук банктын жана ЭВФтин ортосундагы техникалык кызматташуунун негизги багыттарын талкуулоого арналган.
Брифингдин алкагында Улуттук банктын төрагасы М. Тургунбаев менен ЭВФтин башкаруучу директору К.Георгиеванын расмий жолугушуусу болуп өттү.
Анын алкагында тараптар дүйнөлүк экономикадагы акыркы тенденцияларды жана чакырыктарды, Улуттук банктын келечекти акча-кредит саясатын өнүктүрүү жана биргелешкен кызматташуунун мындан аркы багыттарын талкуулашты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/