2024-жылдын 16-январында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин атынан дипломатиялык корпус үчүн уюштурулган салттуу жылдык кабыл алуу болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери катышты.
Ачылыш сөзүндө Министр Ж.Кулубаев конокторду жаңы 2025-жыл менен куттуктап, өткөн жылдагы жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Иш-чаранын негизги максаты – 2024-жылы Кыргызстандын тышкы саясатынын жыйынтыктарын чыгаруу жана дипломатиялык корпусту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров тарабынан белгиленген алдыдагы мезгил үчүн артыкчылыктуу милдеттер менен тааныштыруу болду.
Министр тышкы саясаттагы негизги жетишкендиктер катары эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган көп векторлуу тышкы саясатты улантууну жана бардык багыттар боюнча салттуу жана стратегиялык өнөктөштөр менен активдүү өз ара аракеттенүүнү белгиледи.
Министр Кыргызстан 2024-жылы БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин көрсөткөнүн баса белгилеп, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого зор салым кошуу аракетинде Кыргызстандын талапкерлиги колдоого алынарына ишенимин билдирди.
Алдыдагы артыкчылыктуу милдеттер жана демилгелер катары министр Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүнү колдоо максатында тышкы карызды «жашыл экономиканы» өнүктүрүүгө алмашуу механизмин илгерилетүү боюнча аракеттерине өзгөчө көңүл буруп, климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү жана өлкөнүн 2050-жылга карата көмүртек нейтралдуулугуна жетүү максатына болгон умтулуусун белгиледи.
Жыйынтыктоо сөзүндө Ж.М. Кулубаев өз ара пайдалуу кызматташтыктын мындан ары да тереңдешине ишенимин билдирип, Кыргыз Республикасынын демилгелерин колдогондугу үчүн эл аралык коомчулукка ыраазычылык айтып, Тышкы иштер министрлиги алардын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенине ишендирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/