Кудайберген Базарбаевдин жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктоосу – ИА Караван Инфо
Кудайберген Базарбаевдин жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктоосу

Кудайберген Базарбаевдин жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктоосу.

“Урматтуу, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү! Сиздерди,  майрамыңыздар менен куттуктайм!

Жергиликтүү жамааттар – мамлекеттин бирдиктүү саясатынын ишке ашуусуна  түздөн-түз катышып өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуп келесиздер. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Урматтуу Жапаров Садыр Нургожоевич “Аймактар өнүксө – өлкө өнүгөт” деп баса белгилөө менен бизге тийиштүү тапшырмаларды берип, аткарылуусун дайыма көзөмөлдөп келет. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Урматтуу Жапаров Садыр Нургожоевичтин саясий эркинин негизинде өлкөнүн тарыхында биринчи жолу административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, Сиздер менен бирдикте ийгиликтүү жыйынтыкталып учурда 231 айыл өкмөтү, 33 шаар түзүлдү.
Жамаатардын Кылым долбоору делген Чоң-Чүй каналы өткөн доордун белеги болсо, Кадамжайдагы “Алга кадам” долбоору учурдагы жергиликтүү жамааттарга үлгү болоор демилге. Ошондой эле, Аравандагы Алля Анаров айыл аймагы, Аксыдагы Кош-Дөбө айыл аймагында жасалганган иштерди мисалга тартсак болот.

 Ошондой эле мамлекеттик туура саясаттын негизинде Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бюджети 289 млн сомго, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн бюджети 115 млн сомго жеткен айыл өкмөт жана башка айыл өкмөттөрүндөгү жасалып жаткан алгылыктуу иштерди атай алабыз.
Урматтуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, Сиздерге мамлекетибиздин өнүгүүсүнө   салым кошуп, элибиздин татыктуу жашоосуна шарт түзүп, жигердүү эмгектенип жатканыңыздарга ыраазычылык билдиребиз.

Элибиздин ыраашкерлиги артып, өлкөбүздүн өнүгүү жолундагы сапары кылымдарга улана берсин!”

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агаенттиктин директору Базарбаев Кудайберген Базарбаевич

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: