Ушул жылдын 29-январына чейин Дубайда улуттук ассоциациялардын машыктыруучулук билим берүү боюнча адистери үчүн эл аралык семинар өтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашты.
Иш-чарага 15 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, машыктыруучулук билим берүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо жана өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгуу боюнча семинар өтүлүүдө.
Кыргызстандан бул семинарга Кыргыз футбол биримдигинин Техникалык бөлүмүнүн адиси Нурсултан Усенов катышууда. ФИФА тарабынан уюштурулган семинарда машыктыруучулук билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги аспектилери жана стратегиялык пландоо маселелери каралды.
Семинардын негизги максаты – мыкты тажрыйбаларды жана ыкмаларды изилдөө, машыктыруучулук билим берүүнү өркүндөтүү боюнча стратегияларды иштеп чыгуу болуп эсептелинет.
Программа тематикалык сессияларды, практикалык сабактарды жана топтук талкууларды камтыйт.
Өзгөчө, машыктыруучуларды окутууда лидердин ролуна жана улуттук ассоциациялардын алкагында инструкторлордун кесиптик өсүү жолуна көңүл бурулду. Ошондой эле, катышуучулар билим берүү программаларынын сапатын баалоо ыкмаларын, инструкторлордун өзүн-өзү баалоосун жана машыктыруучуларды даярдоо боюнча улуттук ассоциациялардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн стратегиялык пландоону үйрөнүштү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/