Кыргыз футболчусу Тамирлан Козубаев индонезиялык клуб менен келишим түздү
Кыргызстандын Улуттук курама командасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев Индонезиянын «Персит» клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Буга чейин Козубаев Гонконгдун «Истерн» клубунда ойноп, анда 75 беттеш өткөрүп, 9 гол киргизип, 3 голдук пас берген. Тамирлан клубдун капитаны болгон жана 2023-2024-сезондо мыкты коргоочусу деп табылып, бул клубдун курамында 2024-жылы өлкө кубогунун ээси болгон.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/