Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риделл менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Жолугушууда тараптар кызматташуу жана жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү максатында КР ирригациялык инфраструктурасын модернизациялоонун он жылдык программасы үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан колдоо көрсөтүүнү талкуулашты.
рригация чөйрөсүндөгү негизги көйгөйлөр инфраструктуранын эскиргендигинен улам суунун коромжусу, сууга болгон акынын төмөндүгү, ошондой эле суу чарба башкармалыктарынын кызматкерлеринин эмгек акысынын төмөн болуп саналат.
Министрлик бул секторду санариптештирүүнү улантууну, сууну сарамжалдуу пайдалануу ыкмаларын (суу үнөмдөөчү сугат системалары (тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу) илгерилетүүнү, ички чарбалык каналдарды пайдаланууну жана тейлөөнү райондук суу чарба башкармалыктарына өткөрүп берүүнү, ошол башкармалыктардын потенциалын бекемдөө үчүн чараларды көрүүнү (эмгек акыны жогорулатуу, техника жана жабдуулар менен камсыз кылуу, мисалы, кызматтык жайларды оңдоо, эмерек жана жабдуулар менен камсыз кылуу сыяктуу эмгек шарттарын жакшыртуу) пландаштырууда.
Бүгүнкү күндө министрлик 3 пилоттук райондо суу менен камсыздоо системасын инвентаризациялоодо, аларда райондук деңгээлде кызмат көрсөтүүнүн борборлоштурулган модели апробацияланат, мында ирригацияга жооп берүүчү райондук суу чарба башкармалыктарга суу менен камсыздоо системаларын пайдалануу жана техникалык тейлөө функциялары да жүктөлөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/