Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат – ИА Караван Инфо
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттери 17-сентябрда убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен күз майрамына карата жабылат.

Транспорт, жүк ташуучу унааларды жана жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүү 18-сентябрда кайрадан жанданат.

error: