Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжалдан улам аймактагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Египет менен Эйлат шаарында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн кыска мөөнөттүү (14 күндөн 30 күнгө чейин) жеңилдетилген визаларды берүү жөнүндө макулдашууга жетишилгенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Бул чечим Израилдеги кыргызстандыктарга Египет аркылуу аймактан аман-эсен чыгып кетүүгө мүмкүндүк берет.
2025-жылдын 24-июнуна (шейшемби) Кыргыз Республикасынын Герцлиядагы ардактуу консулунун кеңсесинен Египеттин Эйлат шаарындагы Башкы консулдугуна жарандардын уюшкан түрдө жөнөп кетүүсү пландаштырылууда.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тез арада кетүүнү каалагандардан төмөнкү маалыматтарды жөнөтүүнү суранат:
- Фамилиясы, аты, атасынын аты
- Учурдагы паспорттун сериясы жана номери
- Израилде жашаган учурдагы дареги
- Байланыш номери
- Паспорттун башкы бетинин сүрөтү
- Маалыматтар жөнөтүлүшү керек:
- электрондук почта аркылуу: consulkyrgyz@gmail.com
- WhatsApp аркылуу: +972 53 321 4916, +90 545 689 6800
Кошумча суроолор үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги: +90 545 689 68 00
- Кыргыз Республикасынын Герцлиядагы Ардактуу консулдугу: +972 54 442 6498
- Тышкы иштер министрлиги маалыматтарды тапшырууну кечиктирбөөнү катуу сунуштайт жана кызматташууңуз үчүн ыраазычылык билдирет.